30 миллион сомдук контрабанда. Бажы кызматкерлери жумуштан алынды

Документте термос катары көрсөтүлгөн уюлдук телефондордун жалпы баасы 30 миллион сом деп бааланган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Аткезчилик менен телефондорду алып өтүү иши боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын үч өкүлү жумуштан айдалып, бирөө сөгүш алды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Миңдеген смартфондор. 30 млн. сомдук контрабанданын кармалышы видеодо
Эске салсак, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганын аныктаган. Документте термос катары көрсөтүлгөн уюлдук телефондордун жалпы баасы 30 миллион сомго бааланган.

Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Түштүк-батыш бажысынын укук коргоо иштери боюнча борборунун бир, Жалал-Абад бажысынын эки кызматкери жумуштан алынды.

Ошондой эле өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн Түштүк-батыш бажысынын Жалал-Абад башкармалыгынын жетекчисине сөгүш жарыяланды.