Аялдар кантип түгөй тандашат. Окумуштуулардын изилдөөсү

Мурда аялдын организминде жыныстык гормондордун деңгээли канчалык жогору болсо, ал ошончолук күчтүү, чымыр денелүү түгөйгө тартылат деп эсептелген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Аялдын организминдеги жыныстык гормондордун деңгээли канчалык жогору болсо дагы эркекти чымыр денеси үчүн гана сүйүп калууга жардам бере албайт. Бул тууралуу Глазго (Шотландия) университетинин окумуштуулары изилдеп чыкканын РИА Новости агенттиги жазды.

Окумуштуулар төшөк мамилесин жакшырта турган ыкманы аташты
Изилдөө жүргүзгөн адистердин бири Бенедикт Жонстун айтымында, окумуштуулар мурда аялдын организминде жыныстык гормондордун деңгээли канчалык жогору болсо, ал ошончолук күчтүү, чымыр денелүү түгөйгө тартылат деп эсептешкен.

Изилдөөчүлөр 600дөй кыз-келинди жыныстык гормондору ар кандай абалда турганда текшерип көрүшкөн.

"Эркектерди эки топко бөлүп, алардын сүрөттөрүн аялдарга көрсөтүшкөн. Биринчи топто спорттук дене түзүлүштөгү, сакал-мурутчан эркектер болсо, экинчи топко назик, жасанып жүргөн жигиттердин сүрөттөрү киргизилген. Бирок аялдар кайсы учурда болбосун бир гана эркекти жактырып туруп алышкан", — деп айтылат макалада.

Мындан улам окумуштуулар аялдын организминдеги гормоналдык өзгөрүүлөр түгөй тандоого таасир этпейт деген чечимге келишти.