Премьер Абылгазиевдин кортежиндеги эки жолтандабас кырсыктады. Сүрөт

Премьер-министр Ош менен Жалал-Абад облустарында иш сапар менен жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кортежиндеги эки жолтандабас жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты (ЖКККББ).

Маалыматка караганда, окуя 7-май күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда болгон. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. ЖКККББдан толугураак маалымат кийинчерээк берилерин убадалашты.

Майышып калган Lexus үлгүсүндөгү унаалардын сүрөтүн адвокат Улан Жумаков Twitter баракчасына жүктөдү.

​Белгилей кетсек, премьер-министр Ош менен Жалал-Абад облустарына иш сапар менен кеткен.