Жибек Жолу проспектиси ремонттон кийин ачылды. Сүрөттөр

Шаардык бийлик көчөнүн аталган участогу жаңы технология менен салынгандыктан 5-10 жылга чейин чыдай турганын айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жибек Жолу проспектисинин Айтматовдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолдун аталган бөлүгү унаалар үчүн ачылды. Учурда жумушчулар жолго белги чийип жатышат.

1 / 2
Жибек Жолу проспектисинин Айтматовдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштери аяктады.
2 / 2
Жолдун аталган бөлүгү унаалар үчүн ачылды. Учурда жумушчулар жолго белги чийип жатышат.

Оңдоо иштери бир жарым айга созулду. Муниципалитеттин берген маалыматына караганда, реконструкция жаңы технологиянын негизинде жасалган.

"Жогорку катмардагы асфальтбетонунун курамы беш компоненттүү болуп, курамында полимер кошулмалары менен көп шагыл камтылган. Бул жолдун сапатын кыйла жакшыртып, анын бир калыпта сакталышын 5-10 жылга узартат", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан өткөн жылы Гагарин көчөсүндөгү бир бөлүккө дагы ушундай эле катмар төшөлгөнүн айтышты.