WhatsApp аркылуу тараган кара чекитти басканда телефон иштебей калууда

Телефонду өчүрүп кайра күйгүзгөндө гана смартфон мурдагы калыпта иштей баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. WhatsApp мессенджеринин колдонуучулары телефондун иштөөсүн кыйындата турган спам-билдирүү тараганын жар салышты. Бул тууралуу MensXp порталы жазды. 

Распространяемое в WhatsApp вредоносное сообщение

Ага ылайык, колдонуучулар бир-бирине кара чекит белгиленген билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө. Кара чекитти басканда WhatsApp тиркемеси бир саамга чейин иштебей калат.

WhatsApp тиркемеси iPhone үчүн өзгөчө функция киргизди
Аныгында бош жерде атайын символдор катылган. Аны басканда смартфон убактылуу иштебей калат. Телефонду өчүрүп кайра күйгүзгөндө гана смартфон мурдагы калыпта иштей баштайт.

IT тармагындагы адис Михаил Дудин мындай нерсе телефондун бир нече секундага чейин иштебей калышын шарттай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Билдирүүдө атайын символдор катылган. Аны басканда телефон кыска убакытка иштебей калат. Мындан жеке маалыматтар уурдалып же телефон бузулуп калбайт. Эң жакшысы ушундай билдирүүлөрдү дароо эле өчүрүп салган жакшы", — деди Дудин.

Буга чейин WhatsApp тиркемесинин жасалма версиясы пайда болгону тууралуу да маалыматтар тараган болчу.