Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт

Бүгүн, 7-майда, белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо 49 жашын белгилемек. Ал кезинде XX кылымдагы Кыргызстандын эң мыкты балбаны аталган.
Sputnik

Даңазалуу балбан грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп (1999, 2000), дүйнө чемпионатынан коло медаль тагынган, эки ирет Олимпиада оюндарында күчүн сынаган. 12 ирет Гран-При мелдешти уткан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра Санатбаева менен маек куруп, балбандын коомчулуктан тыш жашоосу жана балдары учурда эмне менен алектенип жатканын билип көрдү.

Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт

— Раатбек мырза менен кантип таанышып, түтүн булатып калгансыздар? Дегеле сүйүү баяныңыздан кеп салсаңыз?

— Раатбек экөөбүз Надежда Крупская атындагы спорттук мектеп-интернатта бирге окуганбыз. Агезде бири-бирибиди сыртыбыздан таанычубуз. Кийин ал машыктыруучу, мен балдардын спорт мектебинде мугалим болуп иштеп жүргөндө жакындан тааныштык. Бизди спорт табыштырды. Рааттын биринчи кезекте чынчыл, токтоо мүнөзү, ыймандуулугу, анан, албетте, келишимдүү келбети арбап алды.

— Раатбек мырзага кандай жубай болдум деп ойлойсуз? Ал сизге кандай күйөө болду?

— Татыктуу жар болдум деп эсептейм. Раатбек балдарга эң мыкты ата, мага сүйүктүү жар болуп берди.

— Экинчи уулуңуздар төрөлгөндө Раатбек мырза казак балбаны Даулет Турлыхановдун ысымын ыйгарыптыр. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

— Уулубузга белгилүү спортчунун аты берилгендигине сыймыктанам. Азыркыга чейин Даулет Турлыханов менен байланышып турабыз. Ал мага бир тууган агамдай.

Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт

— Үйдө казан-аяк кагышчу беле?

— Ызы-чуу, уруш-талаш болгон эмес. Раатбек мелдештерде, машыгууларда жүрүп үйдө деле көп болчу эмес. Мен дагы спорт тарамагынан болгондуктан спортчулардын түйшүгүн жакшы билем. Убагында гандбол боюнча курама командада машыккам.

Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт

— Мелдеште, машыгууларда жүргөндө кызгануу сезимдери болчу беле?

— Чынын айтсам кызганган эмесмин, ага себеп жок болчу.

— Айрым спортчулар мелдештен утулганда чөгүп кетишет эмеспи. Сиз кантип жардам берчү элеңиз?

— Раатбек мүнөзү күчтүү адам болчу, эч качан башын жерге салган эмес. Анча-мынча кыйынчылык болгондо жылуу сөзүмдү айтып, көнүлүн көтөрүп койчумун.

Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт

— 2006-жылдын 8-январы бүтүндөй кыргыз үчүн, анын ичинде сиз үчүн дагы абдан оор күн болсо керек?

— Эстен кеткис, кайгылуу күн. Раатбегимди жоготконума азыркы күнгө чейин кейип, жүрөгүм ооруп келет.

— Раатбек мырза киши колдуу болгондо бир нече көз караштар айтылды эле. Сиз бул тууралуу эмне деп айта аласыз?

— Кеп кылгым келбейт.

— Балдарыңыздын ичинен кимиси мүнөзү жана келбети жагынан атасына окшош?

— Ар бир баламдан Раатбекти көрөм.

— Эки уулуңуз да ата жолу менен килемге чыгып жүрдү эле. Андан ары улантышкан жокпу, деги эле балдарыңыз эмне менен алектенет?

— Спорт менен ден соолукту чыңдашып машыгып турушат. Жакында эле тун балам Бексултан үйлөндү. Мамлекеттик кызматта иштейт. Даулет болсо Казакстанда бизнес менен алектенет. Кызыбыз Асема мектепте окуйт. Англис тил курсуна барат, комузда ойноп, бийге катышат, айтор убактысын текке кетирбейт. Балдарым 23, 22, 15 жашта.

Раатбек Санатбаевдин жубайы Сайра: жолдошуман айрылган күн эсимен кетпейт

— Өзүңүз эмне менен алектенесиз?

— Учурда Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектепте жетекчинин орун басары катары эмгектенем. Жолдошумдун ишин улантып жатам десем болот. Жыл сайын элесине арнап грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өткөрүп келебиз.

— Кечиресиз, Раатбек мырзадан кийин турмуш курган жоксузбу?

— Кайрадан турмуш курам деп эч убакта ойлонгон жокмун.