КамАЗды сүзүп күйүп кеткен жол тандабастагы төрт жашар бала да каза болду

Жол кырсыгы 5-майда кечки саат 19:30дар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкек — Кордай жолунда 5-майда КамАЗды сүзгөн жолдандабастын ичиндеги төрт жашар бала ооруканада чарчап калды.

Буга чейин маалымдалгандай катуу ылдамдык менен келе жаткан Lexus КамАЗ автоунаасын сүзүп, андан соң өрттөнүп кеткен. Жол кырсыктан бир киши каза болуп, анын төрт жашар баласы менен дагы бир киши ооруканага жеткирилгени маалымдалган.

ӨКМдин билдиришинче, жабыркаган төртүнчү кишини аты-жөнү такталууда.