Чеберлер Айтматовдун сүрөтүн топурак жана кофе менен тартып көргөзмөгө чыгарды

Улуу жазуучунун портретин ар түрдүү стилде тартып чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкек шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети жана чыгармаларындагы каармандары түрдүү ыкмалар менен тартылган сүрөттөрү чогултулуп көргөзмөгө коюлду.

1 / 4
Бишкек шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети жана чыгармаларындагы каармандары түрдүү ыкмалар менен тартылган сүрөттөрү чогултулуп көргөзмөгө коюлду.
2 / 4
Анда Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн Төлгөбек Койчуманов топурак, Нурлан Дүйшөбеков кофе менен тарткан.
3 / 4
Ал эми Азамат Жааналиев мык жана жип менен тартса, Перизат Корголдоева кийиздин үстүнө чийген.
4 / 4
Ошондой эле улуу калемгердин Ысык-Көлдүн ташынан жасалган бийиктиги 2,5 метрлик портретин көрүүгө болот.

Анда Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн Төлгөбек Койчуманов топурак, Нурлан Дүйшөбеков кофе менен тарткан. Ал эми Азамат Жааналиев мык жана жип менен тартса, Перизат Корголдоева кийиздин үстүнө чийген. Ал эми түркиялык сүрөтчү Мехмед Башкуш кагаз бетине тартып келген. Ошондой эле улуу калемгердин Ысык-Көлдүн ташынан жасалган бийиктиги 2,5 метрлик портретин көрүүгө болот.

Мындан сырткары, ал жактан жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын ар кыл стилде тартылган сүрөттөрүн да көрө аласыздар. 

Выставка картин героев произведений Айтматова в Бишкеке

Көргөзмөнүн ачылыш аземи ишемби күнү өтүп көрүүчүлөргө Айтматовдун эмгектери театралдаштырылып көрсөтүлгөн.

Аталган көргөзмөнү "Бишкек Парк" соода борбору Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фондусу менен биргеликте уюштурган.