Бишкек эркин экономикалык аймагында үч ангар күйүп кетти

Бардык экспертизалар дайындалып, канча чыгым алып келгени такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Аламүдүн районундагы Мраморное айылындагы Бишкек эркин экономикалык аймагында үч ангар өрттөнүп, жалын 8000 чарчы метр жерге жайылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Аламүдүн районундагы Мраморное айылындагы Бишкек эркин экономикалык аймагында үч ангар өрттөнүп, жалын 8000 чарчы метр жерге жайылган
2 / 4
Өрт тууралуу билдирүү 7-майда таңкы саат 3:45те келип түшкөн.
3 / 4
Кырсык болгон жерге ИИМдин жетекчилиги, Чүй ОИИББдин ыкчам-тергөө тобу жана ӨКМдин бригадасы барган
4 / 4
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала берген маалыматына ылайык, өрт электр зымдарынын тийишип кетүүсүнөн чыккан.

Ага ылайык, өрт тууралуу билдирүү 7-майда таңкы саат 3:45те келип түшкөн. Кырсык болгон жерге ИИМдин жетекчилиги, Чүй ОИИББдин ыкчам-тергөө тобу жана ӨКМдин бригадасы барган.

Күйүп кеткен ангардын ичинде таңгактоочу жабдуулар болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала берген маалыматына ылайык, өрт электр зымдарынын тийишип кетүүсүнөн чыккан.

Бардык экспертизалар дайындалып, канча чыгым алып келгени такталууда.