Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда айылдашы тарабынан каза тапкан жигиттин бычак жеген видеосун Sputnik Кыргызстанга салышты.
19 жаштагы жигитке экинчи бирөөнүн артынан келип, бычак менен бир нече ирет сайып жиберген видеосу ошол жердеги автобекеттин көзөмөл камерасына түшүп клаган.
Эскерте кетсек, каргаша бүгүн эртең менен болгон.
Буга чейинки маалыматта, окуянын күбөсүнүн айтымында, шектүү менен маркум Базар-Коргон районундагы Арсланбап айылынын тургундары болчу. Алар 7-май күнү эртең менен саат 9:30дар чамасында өз айылына баруу үчүн бир маршрутту күтүп турганда бул кандуу окуя болуп кеткен. Анын видеосу да тараган.
Ал эми облустук милициядан окуя боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын, чырдын келип чыгуу себептери такталып жаткандыгын кошумчалады.