Африкада белгилүү режиссер акыранын соккусунан жан таслим болду

Кырсык тасма тартуу учурунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кинорежиссер Карлос Карвальо тасма тартуу учурунда акыранын кол салуусунан каза тапканын The Sun басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматта окуя Түштүк Африкада болгону айтылат. Карвальо жергиликтүү фермалардын биринде жаныбарларды ири план менен тартып жаткан. Бир маалда режиссерго жакындап келген акыра аны башы менен бир урган. Карвальо бир нече метрге учуп кеткен.

"Акыра мойнун кыймылдатып, Карлосту башка чапканда мен жанында болчумун. Карвальо 4-5 метр ары учуп барып жыгылды", — деди окуяга күбө болгон оператор Дирк ван дер Мерв.

Аюу менен селфи жасайм деген таксист жырткычтын колунан көз жумду
Режиссерду Йоханнесбургдун ооруканасына алпарышкан. Бирок алган жараатынан Карвальо жан берген.

Тартуу иштери жүрүп жаткан ферманын ээлери жаныбардын күнөөсү жок экенин, режиссер коопсуздук эрежелерин сактабай каргашага кириптер болгонун айтышууда.

Карлос Кавальо жапайы жаратылыш тууралуу тартылган тасмалары менен белгилүү. Бир топ абройлуу сыйлыктардын ээси болгон.