Абылгазиев алгачкы иш сапарын Жалал-Абад менен Оштон баштайт

Өкмөт башчы бир катар иш-чараларга катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад менен Ош облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Жалал-Абад" аэропортунун жаңы аэровокзалынын ачылышына катышып, шаардагы №6 мектептин курулушун көрөт.

Ал эми Ош облусунда жазгы талаа иштерининин жүрүшүнө көз салып, Улуу Ата мекендик согушка катышкан ардагерлер менен жолукмакчы.