Түркия АКШнын С-400 боюнча санкциясына жооп берерин айтып кабак чытыды

Өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган курал-жарак боюнча бардык маселени Түркия өз алдынча чечерин баса белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Вашингтон Анкарага тез учуучу F-35 учактарын жеткирүүнү токтотсо Түркия АКШга жооп иретинде чараларды көрөт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу CNN Turk каналына маек куруп жаткып билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Министр кийинки жумада АКШга барып, аталган маселени чече турганын белгилеген. Анын айтымында, АКШнын F-35 учактарын сатуудан баш тартуу кадамы таптакыр туура эмес.

Өзбекстан кылмыштуулукка каршы Түркия менен чогуу күрөшмөй болду
Эскерте кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уэсс Митчелл Анкаранын Россиядан чыккан С-400 ракета системаларын сатып алышы F-35 учактарын алуусуна кедергисин тийгизиши мүмкүн экенин жар салган. Жооп иретинде Түркия Американын талап койгон санкция тилин кабыл албай турганын айткан.

Түркия менен Россия былтыркы жылдын соңу менен С-400 системаларын сатуу жана алуу боюнча насыялык макулдашууга кол койгон. Вашингтон Анкара "НАТО стандарттарына туура келген" ракеталык комплекстерди алуусу керектигин айтып нааразы болгон. Буга өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган курал-жарак боюнча бардык маселени Түркия өз алдынча чечерин баса белгилеп, жооп кайтарган.