Бишкекте кичине кыз трансформатор турган будканын ичине кирип күйүп калды

Наристе ооруканага жаткырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкекте кичинекей кыз трансформатор турган будкага кирип, олуттуу жаракат алганын шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ болгон.

“Төрт жаштагы кыз Жумбек көчөсүндөгү трансформатордук бадкага кирип кеткен. Натыйжада Травматология жана ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жаткырылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган оорукана кыз тууралуу кабарды тастыктап, наристенин 6 жашта экенин белгиледи. Кошумча маалымат берилет.