Кыргызстандык "Тайсон" атаандашын муунтуп салды. Ахмат турнириндеги видео

Канат Келдибеков менен Агшин Бабаев 65,8 килограмм салмак ченинде беттешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков WFCA 48 (World Fighting Championship Akhmat. — ред.) турниринин алкагында азербайжандык атаандашы Агшин Бабаевди утуп алды. Бул тууралуу мелдешти уюштурган лиганын ВКонтакте социалдык баракчасында жарыяланды. 

Аралаш мушташ (ММА. — ред.) боюнча мелдеш 4-май күнү Азербайжандын Баку шаарында өткөн. Анда Келдибеков 65,8 килограмм салмак ченинде үй ээси Агшин Бабаев менен беттешип, биринчи раундда муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетти.

Спорт тармагында "Тайсон" каймана аты менен таанымал Канат Келдибеков эрежесиз уруш боюнча профессионалдар арасында 10 беттешти утуп, үчөөсүндө жеңилген. Ал эми атаандашы Агшин Бабаев профессионалдар ичинде 17 жолу жеңишке жетип, алты ирет жеңилүү ызасын тарткан.