Радио

Аманбаева: критикалык ой жүгүрткөн жаштар жашоодон ордун таба алат

Борбордук Азиядагы IDEAнын программалар жетекчиси Дарика Аманбаева критикалык ой жүгүртүүнүн жашоого тийгизген таасири абдан чоң экенин айтты.
Sputnik
Аманбаева: критикалык ой жүгүрткөн жаштар жашоодон ордун таба алат

Критикалык ой жүгүрткөн жаштар жашоодон ордун таба алат, бул себептен биз жаштардын анализ жүргүзүү деңгээлин жогорулатууга аракеттенип келебиз. Бул тууралуу Дарика Аманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун окуу жайлар жана ишке орношуу тууралуу талкуусунда билдирди.

Анын айтымында, жаштар критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүргөндөн кийин жакшы жумушка орношо алат.

"Биздин максат — Борбор Азиядагы жаштардын критикалык ой жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу. Анткени бул нерсенин жашоого тийгизген таасири абдан чоң. Жаштар анализ жасап ой жүгүрткөндөн баштап жакшы жумушка орношуп, татыктуу билим алып, жашоодо ийгиликтүү болуп, турмушта өз ордун таба алат", — деди Аманбаева.

Ал аймактагы жаштарга кантип жумушка орношуу керектиги тууралуу семинарларды өткөрүп келе жатканын кошумчалады.