Радио

Мамбетакунов: ЖМКлар алдыңкы планга саясатты эмес, экономиканы алып чыгышы керек

КРдин эл артисти жана белгилүү режиссёр Молдосеит Мамбетакунов телевидениелерде өлкөнүн экономикасын өстүрүүгө үндөгөн программаларды көбөйтүү керектигин айтты.
Sputnik
Мамбетакунов: ЖМКлар алдыңкы планга саясатты эмес, экономиканы алып чыгышы керек

ЖМКлар алдыңкы планга саясатты эмес, экономиканы алып чыгуусу керек. Бул тууралуу Молдосеит Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ийгилик сырлары" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экономика десе эле бизнесмендер тууралуу берүүлөрдү бере берген да туура эмес.

"Башка өлкөлөрдүн ЖМКлары экономикалык материалдарга басым жасашат. Алар саясат тууралуу анча кеп козгой беришпейт. Саясатты чагылдырган учурда да ички эмес, башка мамлекеттер менен болгон мамилени көрсөтөт. Ал эми бизде эл парламентти гана көрүп, маданият, экономикалык көрсөтүүлөрдөн алыстап кетти", — деди Мамбетакунов.

Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги жетиштүү деңгээлде эместигин кошумчалады.