Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 7-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Кайсы күндөрү жаан жаайт? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө 17…22 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 19…24 градус жылуу болору божомолдонду. Ысык-Көл менен Нарында абанын температурасы 12…17 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек менен Ош шаарларында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада күндүн табы 18…20 градуска чейин жогоруласа, түштүк калаада 21…23 градус жылуу болору белгилүү болду.