Окумуштуулар: аспиринди күн сайын ичүү кооптуу ооруга алып келиши мүмкүн

Изилдөөдө эркектердин аталган дарыны ичкенде рак илдетине кабылуу тобокелчилиги эки жогору болору аныкталган
Sputnik

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Окумуштуулар аспиринди күн сайын ичүү рак оорусуна алып келе тургандыгын изилдеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Science Daily порталына шилтеме кылып жазды.

Окумуштуулар I топтогу кан эмнеси менен кооптуу экенин айтышты
Анда окумуштуулар 18 жаштан 89 жашка чейинки курактагы 200 миңге жакын адамдын медициналык маалыматтарын пайдаланган. Алардын арасынан бир жыл же андан узак убакыт бою күндө аспирин ичкендер тандалып, беш жыл бою дарыгерлердин көзмөлүндө болгон.

Жыйынтыгында башкаларга салыштырмалуу дайыма аспирин колдонгон эркектерде рак илдетине кабылуу тобокелчилиги 1, 83 эсе жогору экендиги аныкталган. Ал эми аялдарда мындай көрсөткүч байкалган эмес.

Изилдөөнү жүргүзгөн топтун жетекчиси Беатрис Нардоненин айтымында, бул аялзатына караганда эркектерде коргоо ферменттери аз экендигинен кабар берет.