Трамптын жылаңач эстелиги аукциондо 28 миң долларга сатылды

Эстелик 2016-жылы Indicline бейөкмөт уюму тарабынан коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын жылаңач эстелиги Лос-Анжелестеги аукциондо 28 миң долларга сатылганын The New York Times басылмасы билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп тууралуу кино тартылышы ыктымал
Julien's Auctions үйү тарабынан уюштурулган аукциондо эстеликти арбактар тууралуу көрсөтүүнүн алып баруучусу Зак Бэганс сатып алган. Ал сатып алган буюмунун өзүнүн паранормалдуу кубулуштар музейине коёрун айтты.

Аталган эстеликти Indicline бейөкмөт уюму 2016-жылы Нью-Йорк, Лос-Анджелес, Сан-Франциско жана Сиэтл шаарларына коюп, бул аракети менен Трамптын шайлоого катышуусуна каршылык көрсөткөн. Аукционго коюлган бул айкел сакталып калган жалгыз эстелик болуп саналат. Калгандарын вандалдар талкалап кеткен.