Саунага такай баруу жүрөк оорусунун алдын алары айтылды

Окумуштуулардын 15 жылдык изилдөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Окумуштуулар саунага такай баруу инсульт болуу тобокелдигин азайтарын аныкташты. 15 жылга созулган изилдөөнүн жыйынтыгы MedicalXpress порталына жарыяланган.

Илимпоздор Чыгыш Финляндияда жашаган 53 жаштан 74 жашка чейинки 1628 кишини көзөмөлдөп, саунага канчалык тез барарына жараша топко бөлгөн.

Жумасына эки-үч ирет саунага баргандардын инсультка кабылуу ыктымалдыгы таптакыр барбагандардыкына караганда 61 пайызга аз экени белгилүү болгон.