Ат-Башыда он киши бара жаткан унаа оодарылып кетти. Сүрөттөр

Алдын ала маалыматтарга караганда, 30 жаштагы айдоочу жамгырдан кийинки тайгак жолдо унааны башкара албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Нарын облусундагы Ат-Башы айылына жакын жерде Subaru Outback унаасы оодарылып кетип, анын ичинде беш чоң адам жана беш бала ар кандай жаракаттар менен ооруканага жекирилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан билдиришти.

"Кырсык 4-май күнү саат 15:00дө  Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 383-чакырымында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, 30 жаштагы айдоочу жамгырдан кийинки тайгак жолдо унааны башкара албай калган", — деп айтылат билдирүүдө.

ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришкендей, дарыгерлер унаанын ичинде болгондордун баарын карап чыгып, экөөнү ооруканага жаткырышкан. Калгандары жеңил жаракат алгандыктан, үйлөрүнө жиберилген.

Бардык материалдар Ат-Башы РИИБине өткөрүлүп, иликтөө  иштери жүргүзүлүп жатат.