Радио

Туткучев: мамлекет мага эмес, мен мамлекетке эмне кылдым деп жашайлы

КРдин Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Аалы Туткучев өлкөнү оңдош үчүн сөзсүз эле депутат болуунун кажети жок экенин айтты
Sputnik
Туткучев: мамлекет мага эмес, мен мамлекетке эмне кылдым деп жашайлы

Мамлекет мага эмес, мен мамлекетке эмне кылдым деп жашайлы деген пикирин Аалы Туткучев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Маек акындын чыгармачылыгы, жакынкы иш пландары жана жалпы ой-толгоолору туурасында жүргөн.

Анын айтымында, мамлекетибиз кедей болгону менен элибиз бай. Анткени бир кезде аны тоноп, жеп алганбыз.

"Адам баласы ташты талкан кылчу күч-кубатка ээ. Болгону анын жан дүйнөсү бай болуусу зарыл. Ал эми жан дүйнөнү байытып, адамга кубат берүүгө, маданият өкүлдөрүнүн таасири чоң. Ак үйгө келип, депутат болгондун баары эле өлкөнү оңдоп жибере албайт. Мамлекеттин өнүгүүсүнө эл аралап, калкты ичинен таанып, аларга маданий азык тартуулап жүргөн адамдардын салымы керек", — деди Туткучев.

Ал ошондой эле эл арасында бир колунда билим, бир колунда ыйманы болгон мекенчилдердин көп экенине үмүт артаарын кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.