Конституция – ар бир өлкөнүн башкы мыйзамы, ошол документке карай башка мыйзам актылары иштелет, аны өлкөнүн атуулдары Ыйык тутуп, ага мусулман дининдегилер Куранга мамиле кылгандай мамиле кылат.
Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө сөз болгондо антип айта албайсың. Көпчүлүк үчүн Конституциянын ыйыктык баркы жок, ал жөн гана көңүл сыртында турчу бир нерсе катары кабыл алынат. А түгүл 5-май кандай майрам экенин билбегендер четтен табылат…
КР Конституциясы алгач 1993-жылы 2-февралда жалпы элдик референдумда жактырылып, 1993-жылдын 18-февралдагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы тууралуу" мыйзамда жоболору көрсөтүлүп, Жогорку Кеңештин 12-сессиясында 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.
Баш мыйзамга "кол салбаган" президент болбоду
5-май расмий түрдө элдик майрам, бирок деги эле бул майрамды белгилөө жагынан багыбыз жок: сталиндик вариантын 5-декабрда, брежневдик Конституцияны 7-октябрда, акаевдик Баш мыйзамды 5-майда майрамдап келдик. Бул күндөр календарыбызда кызыл түстө турган менен жарандарыбыз окуянын тарыхый маанисин тура аңдый албай, а түгүл майрам деп да эсептешпейт.
Албетте, Баш мыйзамды өзгөртсө болот, дүйнөнүн эң демократиялуу деген өлкөлөрүнүн мындай документтерин көчүрүп келип койсо да болот. Бирок эки нерсе бар: биринчиси, ошол коюлган нерселер кыргыз топурагында өнөбү? Экинчиси, биздин башкы бийлик бутактарындагылар, укук коргоочулар, жалпы эле жарандарыбыз анын талаптарын кыйшаюсуз аткара алабы?..
Майрам күнү ушундай ойлор келет, караңкалгыр…