Бүгүнкү Конституция жарандардын укугун толук коргой алат! Спикердин куттуктоосу

Эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун кыргызстандыктарды Баш мыйзам күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жумабеков Баш мыйзамдын жаӊы редакциясы эгемен Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнүн пайдубалын түптөп, мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптанышына шарт түзгөнүн баса белгиледи.

"Сиздерди Конституция күнү менен куттуктайм! Мындан 25 жыл мурда  кабыл алынган Баш мыйзамыбыз мамлекетибиздин көз карандысыз, өз алдынча өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Андыктан, биз Конституциябызды урматтап, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кызмат кылышыбыз зарыл", — деп жазылган куттуктоодо.

Ошондой эле спикер 2010-жылга чейин бир катар адамдардын гана кызыкчылыгына ылайыкташтырылып келген  Баш мыйзам  бүгүнкү күндө жарандардын укугу менен эркиндигин коргогон, укуктук статусун аныктаган жогорку юридикалык күчкө ээ экенин кошумчалады.