Токмокто төрт жашар кыз каналдагы сууга чөгүп кетти. Жеринен тартылган сүрөттөр

Жергиликтүү тургундун айтымында, каналдагы көпүрө жөн гана тактайдан жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Токмокто төрт жашар кыз каналдагы сууга кулап чөгүп кеткенин жергиликтүү тургун Урмат Жумалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

1 / 3
Токмокто төрт жашар кыз каналдагы сууга кулап чөгүп кеткенин жергиликтүү тургун Урмат Жумалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
2 / 3
Анын айтымында, Рихард Зорг көчөсүндөгү каналдагы сууга көп жылдан бери көпүрө катары жөн эле тактайлар колдонулуп келет
3 / 3
Бирок тирөөч катары турган бетондордун бирин суу жууп кеткендиктен тактайлар сууга тийип калган.

Анын айтымында, Рихард Зорг көчөсүндөгү каналдагы сууга көп жылдан бери көпүрө катары жөн эле тактайлар колдонулуп келет. Бирок тирөөч катары турган бетондордун бирин суу жууп кеткендиктен тактайлар сууга тийип калган.

"Кечээ кечинде балдар көпүрөдөн өтүп, төрт жашар кыз тайгаланып жыгылып, сууга түшүп кетиптир. Каналдагы суунун агымы агызып, бир жарым сааттан кийин кыздын сөөгү көпүрөдөн 40-50 метр алыс жерден табылды", — деди Жумалиев.

Сокулук айылында тепловоздун алдында калган киши каза болду
Жергиликтүү тургун 100-150 метр ары жакта башка көпүрө бар экенин, бирок ал да жарым жартылай бузулуп калганын кошумчалады.

"Дем алыш күндөрү эски көпүрөнү оңдоо, же жаңы көпүрө куруу боюнча кайрылуу жазып, кол топтоюн деп жатам. Шаар бийлиги бул көйгөйгө көңүл бурушу керек", — деди ал.

Чүй облустук ИИББи кыздын каза болгонун тастыктап, ал туурасы 12 метр, тереңдиги 40 сантиметр болгон каналга түшүп кетип каза болгонун маалымдады. Маркум кыздын ата-энеси арыз жазбагандыктан кылмыш иши козголгон эмес.