Радио

Шейшенов: маянанын аздыгынан таланттуу жаштар чет жакка кетип жатат

"Учур" театрынын директору жана көркөм жетекчиси Шаршенбек Шейшенов театрда чыныгы фанаттар гана иштеп каларын айтты.
Sputnik
Шейшенов: маянанын аздыгынан таланттуу жаштар чет жакка кетип жатат

Театрдагы маянанын аздыгынан улам таланттуу жаштар чет жакка иштеп кетүүдө. Бул тууралуу Шаршенбек Шейшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун театрлар тууралуу талкуусунда билдирди.

Анын айтымында, аз айлыкка жаштар иштегиси келбейт.

"Театрда чыныгы күйөрмандар гана иштеп калат. Баарыбызга белгилүү болгондой эле айлык акы аз. Актёрлукка окуган жаштар окуусун аяктагандан кийин маянанын аздыгынан Россия, Түркия ж.б өлкөлөргө иштегени кетип жатат", — деди Шейшенов.

Ал жакында эле Түркияга барып 4 спектакль коюп келишкендигин кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.