Ош: Үч жашар баласын депкир менен сабап өлтүргөн аял 13 жылга эркинен ажыратылды

Соттолуучу жаза мөөнөтүн аялдардын абагында өтөй турган болду
Sputnik

ОШ, 4-май — Sputnik. Ош шаардык соту өз баласын депкир менен сабап өлтүргөн 24 жаштагы аялды 13 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ага ылайык, айыпталуучу КР Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү ("Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү") менен күнөөлүү деп табылып эркиндигинен ажыратылды.

"Ал жазаны эркиндигинен ажыратылган аялдардын абагында өтөмөй болду. Бирок бул өкүм акыркы эмес жана нааразы тарап апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу", — деди Осмонкулов.

Эске сала кетсек, Ош шаарында өз апасы тарабынан депкир менен сабалган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, 4-февралга караган түнү ооруканага түшкөн. Бала өзүнө келбей ооруканада чарчап калган. Баланын сөөгүн алуудан апасынын жакындары баш тарткандыктан Ош шаарындагы борбордук көрүстөндө жерге берилген.