Радио

Мавлянова: мектеп окуучуларын бирдиктүү формага өткөрүү керек

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова учурда ар бир мектептин өз алдынча формасы бар экендигин айтты.
Sputnik
Мавлянова: мектеп окуучуларын бирдиктүү формага өткөрүү керек

Мектептерге бирдиктүү форма киргизүү зарыл экендигин депутат Махабат Мавлянова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү формага өтүү үчүн саясий эрк керек.

"Эгерде мектептерде бирдиктүү форма болсо социалдык ажырымды жоет эле. Азыр ар бир мектептин окуучулары өз алдынча форма кийишет. Негизи республика боюнча бирдиктүү кийимге өтсөк, жакшы болот эле. Ал сапаттуу болсо ден соолукка да пайдалуу", — деди Мавлянова.

Эл өкүлү аталган маселе боюнча иштеп жаткандыктарын кошумчалады.