Радио

Шамырканова: дебат аналитикалык ой жүгүртүүгө тарбиялайт

Борбордук Азиядагы IDEAнын долбоорлор координатору Нурайым Шамырканова маалымат алууда анализ жүргүзүү зарылдыгын айтты
Sputnik
Шамырканова: дебат аналитикалык ой жүгүртүүгө тарбиялайт

Дебат жаштарды аналитикалык ой жүгүртүүгө тарбиялайт. Бул тууралуу Нурайым Шамырканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЖМКларга чыккан макалаларды иликтеп, изилдөө жүргүзүү керек.

"Учурда аябай маалымат көп. Дебат ал нерселерди аналитикалык ой жүгүртүп, анализдеп, эки тараптуу кароого үйрөтөт. Мындан сырткары, жаштар дебат аркылуу өздөрүнүн сөздөрүн бир нукка  салууга тарбиялайт. Ошондуктан биз дебаттар боюнча окутууларды уюштуруп турабыз", — деди Шамырканова.

Ал "Демилгелүү жаштар" долбоорунун алкагында 16-майда Нарын облусунун Кочкор районунда, 15-майда Нарын шаарында жана 19-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуу жайлар жана кесип тандоо тууралуу жарманке өткөрүлө турганын кошумчалады.