Чолпон-Ата шаарында кикбокс боюнча Азия чемпионаты өтөт

Мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасына өлкөнүн мыкты спортчулары тандалып алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 8-12 май күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кикбокс боюнча Азия биринчилиги өтө тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеште лоу-кик, фулл-контакт, К-1, кик-лайт, пойнт-файтинг, лайт-конктакт эрежелери боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Чемпионатка катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасына өлкөнүн мыкты спортчулары тандалып алынган.

Мелдешти "Жөргөмүш киши" тескегенде... Балдардын Fun Run жарышынан ирмемдер
Мелдеште Кыргызстан, Иран, Ирак, Афганистан, Пакистан, Сирия, Вьетнам, Монголия, Таиланд, Малайзия, Кытай, Тайбэй, Индия, Индонезия, Бириккен Араб эмирлиги, Тажикстан, Түркмөнстан, Непал, Иордания, Корея жана башка мамлекеттин алдыңкы спортчулары күч сынашат.

Азия биринчилигинде калыстык милдетти Германия, Италия, Корея, Иран, Иордания, Ирак, Египет жана Марроко сыяктуу мамлекеттен келген реферилер аркалайт.

Азия чемпионаты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, Азиянын кикбокс конфедерациясы (WAKO-ASIA) жана КРдин кикбокс федерациясы тарабынан уюштурулууда.