Көйкөлө баскан, гүл кармаган, килемде тер төккөн Айсулуу. Балбан кыз 25ке чыкты

Sputnik

Айсулуу Тыныбекова эгемендик алгандан бери алгачкы жолу кыз-келиндер арасындагы күрөштөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Жайкы Олимпиада оюндарында эки ирет күчүн сынаган (Лондон-2012, Рио-Де-Жанейро-2016).

1 / 10
Айсулуу Тыныбекова 2014-жылы Инчхондогу Азия оюндарында 55 килограмм салмак ченинде коло медалга татыган. Алтынды япониялык Саори Йошида алса, күмүштү монголиялык Бямбасурэна Сундев тагынган. Дагы бир коло байге Чжун Хуйчунга буюрган.
2 / 10
2016-жылкы Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштүн чейрек финалында финляндиялык Петра Оллини уткан
3 / 10
Каап... коло үчүн кармашта индиялык Сакши Малиге жеңилип калган
4 / 10
Балбан кызды классикалык костюм менен сыйлык тапшыруу аземинен көп көрүүгө болот. Кезектеги иш-чарада экс-президент Алмазбек Атамбаев менен
5 / 10
Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер арасындагы күрөштүн түптөөчүсү деп тартынбай айтууга болот. Сүрөттө президент Сооронбай Жээнбеков менен
6 / 10
Балбан кыз 2017-жылы Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Ал муну менен эгемендик алгандан бери алгачкы жолу кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде байгени камсыздады.
7 / 10
"Sports and Youth Awards — 2017" спортчуларды сыйлоо долбоорунда "Мыкты спортчу айым" наамын алган
8 / 10
Айсулууну бийиктикке жеткирип, спорттогу ашууларга жетелеген машыктыруучусу — Чынарбек Изабеков
9 / 10
Балбандын ийгиликтерине шыктанып, спортко аралашкан жаштар пайда болгондугу чындык
10 / 10
Быйыл өткөн Азия чемпионатында окуучусу Айпери Медет кызы менен. Айсулуу акыркы убактарда машыгуу менен машыктыруучулукту айкалыштырып келет