КР өкмөт башчысы Instagram тармагында баракча ачты. Эмне тууралуу жазууда

Эки күндүн ичинде өкмөт башчынын баракчасына 2 миңден ашык киши жазылган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Instagram тармагында баракча ачты.

Эки күндүн ичинде өкмөт башчынын баракчасына 2 миңден ашык киши жазылган. Ал эми Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековдун гана баракчасын жактырган.

Өкмөт башчы чыгарган сүрөттөрүнүн алдында анын командасы коюлган тапшырмаларды аткарып, жасалбай калган иштердин өтөсүнө чыгарарын жазган.

Өкмөттүн маалымат кызматы аталган баракча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдики экенин тастыктады.

4-майга карата өкмөт башчынын Instagram баракчасына эки гана билдирүү жарыяланган. Анын баары орус тилинде.