Ири учак кан жолго кулаган кырсык. АКШда 9 киши каза болгон окуянын видеосу

2-майда С-130 аба кемеси Саванна аэропортунан учуп чыккандан кийин кулаган.
Sputnik

Интернетке АКШ аймагында кулаган С-130 Hercules аба лайнеринин видеосу тарады.

Тасма 11Alive деп аталган YouTube каналга жарыяланган.

Карлуу асманда калдаңдап келе жаткан учак кантип конду. Видео
Буга чейин РИА Новости Жорджия аймагында С-130 Hercules деп аталган аскердик транспорт кулап келе жаткан кадрларды жарыялаган. Тик ылдык келип кулаган учак көрүнбөй калып, андан бир нече ирмемдерден со, уюлгуган кара түтүн көтөрүлгөнүн байкоого болот.

"Известиянын" маалыматына караганда, 2-майда учуп чыккан С-130 аба кемеси Саванна аэропортунан асманга көтөрүлгөндөн кийин жерге түшкөн. Техниканын Пуэрто-Рикодогу улуттук гвардиянын авиациялык бөлүмүнө таандык экени жана аны Дэвис-Монтан (Аризона штаты) аскердик базага жок кылуу үчүн алып бара жатканы жазылган. Учак орто жолдон кырсыктап, экипаждын тогуз мүчөсүнүн бири да аман калган эмес.

С-130 Hercules учактары АКШнын аскер аба күчтөрүнүн тактикалык негизги техникаларынын бири болуп эсептелет. Ал 20 тоннага жакын жүктү, андан сырткары, ошол эле учурда 90 жоокерди жана 60 десантчыны ташууга кубаты жеткен аба кемеси.