БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 1-майды эске албаганда май айында кыргызстандыктар эки күн эс алат.
5-май (ишемби, Конституция күнү) менен 9-май (шаршемби, Жеңиш майрамы) дем алыш деп жарыяланды.
5-май ишембиге туура келгендиктен 7-май (дүйшөмбү) эс алуу күнү деп жарыяланды. Бирок элдин 2-сентбярда Ысык-Көлдө баштала турчу Көчмөндөр оюндарын көрүүсүнө шарт түзүү үчүн 7-майдагы эс алууну 3-сентябрга жылдыруу чечими кабыл алынган.
Эми 5-6-майдагы эс алуу күнүнөн кийин 7-май кадимкидей иш күн болот.