Радио

Жанжигит уулу: Бишкектеги үч театр капиталдык ремонттон өткөнү жатат

Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу 2-3 жылдын ичинде Бишкектеги театрлардын абалы жакшыраарын айтты
Sputnik
Жанжигит уулу: Бишкектеги үч театр капиталдык ремонттон өткөнү жатат

Маданият министрлиги үч театрды капиталдык ремонттон өткөрүүнү колго алганы жатат. Бул тууралуу Жолдошбек Жанжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун театрлар тууралуу талкуусунда билдирди.

Анын айтымында, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жана Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрын оңдоого министрлик каражат бөлүүнү пландап жатат.

"Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын 90 жылдык тарыхы болгону менен ушул кезге чейин бир да жолу оңдолгон эмес. Болгону 2012-жылы каражат бөлүнүп, сахнасы оңдолуп-түздөлгөн. Буюрса, ушул жылдын күз айынан баштап министрлик үч театрды Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата аталган иштерди пландоодо. Учурда канча каражат керектегин эсептеп жатышат" — деди Жолдошбек Жанжигит уулу.

Ал театрдагы көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн мектеп окуучулары менен студенттер түзөөрүн кошумчалады.