Жума күнүнө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Жума күнү айрым райондордо жамгыр жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта 20…25, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 22…27, Ысык-Көл менен Нарында 15…21 градус жылуу болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 23…25 градус жылуу болушу күтүлөт.