Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Өрттүн видеосу

Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.
Sputnik

Бишкек — Ош жолундагы Токтогул районунда жүк ташуучу унаа күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Кырсык жолдун 255-чакырымында болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр жалынды толугу менен өчүрдү. Окуядан эч ким жабыркаган жок.