Ак көйнөкчөн бийкечтер, койкойгон жигиттер. Вальс флешмобуна даярдыктын видеосу

Бүгүн Жеңиш аянтында жүздөгөн түгөй 9-майда тартуулана турган вальс бийи боюнча флешмобго даярданышты.
Sputnik

Ага борбор калаанын 15 университетинин студенттери катышат.

Меймандос борбордогу бийлер. Бишкектин юбилейине карата жасалган видео
Уюштуруучулардын бири "Евразия — жаңы толкун" фондусунун кызматкери Каныкей Жумадылова Жеңиш күнүндө мындан да көп адам боло турганын билдирди.

Бийге чыккан түгөйлөр курсанттардын формасында, ак халатчан жана баш кийим кийип чыгат.

Быйыл бий флешмобу төртүнчү ирет өтүп жатат. Катышуучулар 9-май күнү "Өлбөс полк" келип токтой турган Жеңиш аянтында вальс бийлешет.