Согуш ардагерлерине жыл сайын бир берилчү акчалай жардам көбөйдү

Бул айда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 47 600 сомду түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жеңиш күнү, 9-майдын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилүүчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйдү. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондугун мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул максатта президенттин фондусунан жети миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Өзбекстанда согуш ардагерлерине бекер азык-түлүк жана кийим-кече берилет
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, ушу тапта өлкөдө согуштун 475 ардагери бар. Алардын ичинен 128и — согуштун майыптары, 299у — согуштун катышуучулары, 23ү — концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 25и — Ленинград блокадачылары.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо максатында ай сайын стипендия берилет. Алар согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундарга, Ленинград блокадачыларга 10 000 сом өлчөмүндө каралган. Аны менен катар эле ай сайын жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялар төмөнкүдөй:

— согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундарга, Ленинград блокадачыларына – 7000 сом;

— согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине – 1000 сом;

— майыптуулугу бар ооруктун эмгекчилерине – 2000 сом;

— майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине – 1000 сом;

— эмгек армиясында иштегендерге – 2000 сом;

— согуш майыптарынын, катышуучуларынын жана Ленинград блокадачыларынын жесирлерине – 1000 сом.

Мындан сырткары, жыл сайын 9-май Жеңиш күнүнүн урматына кошумча бир жолу акчалай жөлөкпул төлөнөт.

— согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундарга, Ленинград блокадачыларына – 15 000 сом;

— согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине, ооруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына – 10 000 сом.

Бишкекте Жеңиш майрамынын урматына вальс бийленет
Жогорудагыларга кошумча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына президенттин фондусунан 15 000 сом өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү акчалай жөлөкпул берилет.

Бул айда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына (ар бирине) берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 47 600 сомду, согуштун катышуучуларына, концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундарга, Ленинград блокадачыларына берилүүчү акча 47 400 сомду түздү. Ал эми согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине берилүүчү каражат 11 200 сомду, майыптыгы бар ооруктун эмгекчилерине жана эмгек армиясында иштегендерге берилүүчү акча 12 100, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине 11 100 сом каралды.