Кыргызстандык юмористтердин YouТube-каналы баалуу сыйлыкка татыды

Чыгармачыл топтун YouТube каналына 140 миң киши жазылган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстандын 1.1TV чыгармачыл тобунун YouТube каналы 100 миңдик аудитория үчүн "күмүш баскыч" алды. Бул тууралуу топтун режиссеру Марат Бадретдинов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Чыгармачыл топтун YouТube каналына 140 миң киши жазылган.

"Күмүш баскычты эки ай мурда эле алганбыз, бирок эми гана колубузга тийди. YouТube каналыбызга "Эл эмне дейт" жана "Жарайт сити" долбоорунун видеолорун жарыялап турабыз. Роликтерди тартууга жардам берген, тартылган балдардын бардыгын куттуктайм. Бул баарыбыздын жеңиш", — деди ал.

Бадретдинов алар эми "алтын" жана "платина" баскычтарын алуу үчүн аракет кылышарын кошумчалады.