Кыргызстанга посылка Кытай менен Россиядан көп келет

2017-жылы Кыргызстанга электрондук соода аркылуу 170 миң 432 посылка келген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Онлайн кызмат жана онлайн-дүкөндөрдүн көбөйүшү менен Кыргызстанга чет жактан келген посылкалар арбыды. Анын көбү Россиядан, Кытай, АКШ жана Германиядан келет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Кыргызстандыктардын кайсы тармакта арбыныраак иштери анык болду
Ага ылайык, 2017-жылы Кыргызстанга электрондук соода аркылуу 170 миң 432 посылка келген.

Ал эми "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын маалымдашынча, жиберилген посылкалардын салмагы 78 тоннаны түзгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылы сынамык иретинде электрондук соода борборун ачкан. Ал жактан каалоочулар дүйнөлүк интернет-дүкөндөрүнөн товарды кантип туура сатып алуу керектигин үйрөнө алышат.