Радио

Токтогазиев: 5 сотых жерге күнөскана куруу үчүн 1,5 млн. сом кетет

Күнөскана чарбачылыгы ассоциациясынын өкүлү Тилек Токтогазиев аталган чыгымды актоого үч жыл керектелерин айтты.
Sputnik
Токтогазиев: 5 сотых жерге күнөскана куруу үчүн 1,5 млн. сом кетет

Беш сотых жерге күнөскана курууга 1,5 миллион сом кетет. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, күнөскананын ар кыл түрлөрү бар.

"Бизнестин кайсыл түрүн баштабаңыз, алгач сатып көрүү керек. Ошол эле күнөскана куруудан мурун алгач помидор менен бадыраңды сатып көрүү зарыл. Соода маселеси жолго коюлганда, анан өзүңдүн күнөсканаңды курсаң болот. Жалпы жонунан 5 сотых жерге күнөскана куруу үчүн 1,5 миллион сом керектелет", — деди Токтогазиев.

Ал аталган чыгымды актоого үч жыл керектелерин кошумчалады