Радио

Жумабаев: журналисттердин социалдык маселесин чечүү керек

Медиа эксперт Авлан Жумабаев мамлекет тарабынан журналисттерге тиешелүү көңүл бурулбай жаткандыгын айтты
Sputnik
Жумабаев: журналисттердин социалдык маселесин чечүү керек

Журналисттердин социалдык маселесин чечип, анан чындыкты талап кылуу керек. Мындай пикирин Авлан Жумабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, башка кесип ээлерине көңүл бургандай журналисттерге көңүл бурулбай жатат.

"Журналисттерди жалданма болуп кетти деп айтуудан мурда алардын каржы маселесин карап көрсөк. Башка тармактарга салынган үйлөргө медиа кызматкерлери да муктаж. Алардын баарын эле сатылма деп айта берген туура эмес. Чындыктан тайбай иштеп келе жаткандар да көп", — деди Жумабаев.

Ал, мындан тышкары, аталган кесип ээлеринин башын бириктирген көз карандысыз бир уюм түзүү зарылдыгы турганын да кошумчалады.