Эрдогандын талапкерлигин өз партиясы Түркиянын президенттигине сунуштады

Сунушту аталган партиянын 316 депутаты колдогон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Түркиянын межилисиндеги башкаруучу Акыйкаттык жана өнүгүү фракциясы мамлекет башчы Режеп Тайип Эрдогандын талапкерлигин президенттикке сунуштады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Эрдоган боюнча сунушту аталган партиянын 316 депутаты колдогон.

Буга чейин Эрдоган президенттик жана парламенттик шайлоо 2018-жылдын 24-июнда боло тургандыгын айткан эле.

Анын айтымында, бул кадам бийликтин президенттик башкарууга өтө тургандыгы менен байланыштуу болду. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламент да колдоп, макулдугун берген.