АКШнын президенти Дональд Трамп тууралуу кино тартылышы ыктымал

Тасма "Үйрөнчүк" (The Apprentice) деп аталышы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Америкалык журналист Гэриэл Шерман Американын азыркы президенти Дональд Трамп жөнүндө тасмага сценарий жазууга ниеттенип жатканын Hollywood Reporter басылмасы билдирди.

Тасма "Үйрөнчүк" (The Apprentice) деп аталышы мүмкүн. Басылманын жазышынча кино Трамптын бийликке карай көтөрүлүүсү тууралуу болмокчу.

Шерман Vanity Fair басылмасында иштейт. Өзүнүн айтымында, Трамптын ишмердигин "15 жылдан бери чагылдырып келет".

Тасма качан тартылып баштары, башкы ролду Трамптын өзү аткараар-аткарбасы азырынча белгисиз.