Бишкектеги борбордук аянтта кайтадан гүл саат пайда болду. Сүрөт

Аянтка үч түрлүү гүл тигилди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы гүл саат калыбына келтирилгенин мэриядан маалымдашты.

1 / 3
Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы гүл саат калыбына келтирилгенин мэриядан маалымдашты
2 / 3
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аянтка гүл тигүүдө
3 / 3
Эми келгендер убакыт канча болгонун гүл саатты карап билип турса болот.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аянтка гүл тигүүдө.

Эми келгендер убакыт канча болгонун гүл саатты карап билип турса болот.

Андан сырткары, Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанына жана аянттагы атайын жерлерге да гүл отургузулду.

Негизинен агератум, сальвия жана тагетис түрүндөгү гүлдөр тигилген. Аянтты көрктөндүрүүгө "Тазалыктын" 20 кызматкери тартылган.

Чок ортодогу акыркы гүл саат 2016-жылы коюлган болчу.