Бишкекти жарыктандыруу уланууда. Диоддук лампалар орнотулчу көчөлөр

Бишкек мэриясы калаанын көчөлөрүнө 2015-жылдан бери 13,5 миңдей заманбап чырактарды койду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Көчө жарыктарын модернизациялоо иштери уланып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 3
Көчө жарыктарын модернизациялоо иштери уланып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти
2 / 3
"Бишкекжарык" ишканасынын маалыматына караганда бүгүнкү күндө 2018-жылга белгиленген пландын алкагында 2097 диоддук лампалар орнотулду
3 / 3
Бишкек мэриясы калаанын көчөлөрүнө 2015-жылдан бери 13,5 миңдей заманбап лампаларды орноткон.

"Бишкекжарык" ишканасынын маалыматына караганда бүгүнкү күндө 2018-жылга белгиленген пландын алкагында 2097 диоддук лампалар орнотулду.

"Ишкана көчөдөгү чырактарды жаңылоо иштерин улантууда. Жакын арада бешинчи, алтынчы, Көк-Жар жана Аламүдүн-1 кичи райондоруна, Анжиян, Ташкент, Абдрахманов, Фатьянов, Рыскулов жана Бах көчөлөрүнө, ошондой эле Адыр туюк көчөсүнө 455 диоддук чырактар коюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, Бишкек мэриясы калаанын көчөлөрүнө 2015-жылдан бери 13,5 миңдей заманбап лампаларды орноткон.