Украина: депутатты шаардын чок ортосунан сабап кетишти. Видео

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Мустафа Найемди ур-тепкиге алган учур видеого түшүп калган.
Sputnik

Бишкекте жол инспекторун бетке тээп кетип калган киши. Окуянын видеосу чыкты
Аны Facebook тармагынын Александр Кузьменко аттуу колдонуучусу өзүнүн баракчасына жарыялаган. 

Роликте көрүнүп тургандай, аны беш адам курчап алат. Алардын бири депутатты бетке бир уруп, андан кийин түртүп жиберип, анан сабап киришет.

Окуя 30-апрель күнү Киев шаарында болгондугу айтылды.

Депутаттын айтымында, жанында келе жаткан айдоочу айтпай-дебей эле тоскоолдук жаратуу менен озуп өтүүгө аракет кылган. Ошол маалда эл өкүлү анын алдынан тороп, ушунун айынан экөө айтыша кеткен.

"Айдоочунун достору келе калып, алардын бири депутатты бетке бир койгон. Дарыгерлер  Найемдун жаагы сынып кеткенин айтышты", — деп жазылат макалада.

Кийин укук коргоо органдары шектүү катары үч кишини кармап, алардын сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялаган.

Бирок депутаттын бир тууганы алардын арасында эл өкүлүнө түздөн-түз кол салгандар жок экенин айтты.

Маалыматка караганда, парламентарийди бетке урган киши Баку шаарына учуп кетүүгө жетишкен.