Россияда киши колдуу болгон кишинин Кыргызстандан барганы айтылды

Буга чейин айрым ЖМКларда маркум Кыргызстандын жараны деген маалымат тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Россиянын Ленинград облусундагы Киров шаарынын пляжынан 30-апрелде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылган. Учруда маркум кайсы мамлекеттин жараны экенин укук коргоо органдары териштирип жатканын КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Белгилей кетсек, айрым ЖМКларда маркум Кыргызстандын жараны болгону тууралуу маалыматтар тараган.

Элчилик Россиянын Тергөө комитетинин Ленинград облусу боюнча башкармалыгына расмий түрдө кайрылган. Россияда эс алуу күндөрү майрамга туш келгендиктен 3-майда тергөөчүгө кайрылуу сунушталган.

Маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынды.